Кыргызстан курама командасынын коргоочусу, орусиялык “Волга” тарабынан “Химикке” 6 ай ижарага берилген Валерий Кичин мурунку курамга кайтты. Бул тууралуу “Волга” клубунун расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, 6 айлык мөөнөт бүтүп, Кичин кайрадан Орусиянын Премьер-лигасында ойногон “Волганын” курамына кайтып келди. Кошумчалай кетсек, футболчу “Химиктин” курамында Орусиянын 1-лигасында оюн көргөзүп, гол да киргизүүгө үлгүргөн.
“Волга” командасы учурда аталган лигада карамагындагы 18 упай менен 12-орунда келүүдө.