АКШнын Жаңы Орлеан шаарындагы түрмөдөн он туткун качып кеткенин The Guardian полицияга шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Качкандардын ичинде киши өлтүрүү боюнча соттолгондор бар. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук, адам өлтүрүүгө аракет кылуу жана курал-жарак сактоо боюнча абакка кесилгендер болгон.
Алардын качып кеткени кечээ, 16-май күнү эртең менен белгилүү болгон. Болжол менен абактагылар түнү менен качышкан.
Полиция кылмышкерлердин экөө кармалганын, калгандарын издөө иштери жүрүп жатканын маалымдаган.