Австриялык ырчы Йоханнес Питч (JJ) "Евровидение-2025" сынагынын жеңүүчүсү болду.
Ал сынактын финалында "Wasted Love" аттуу ыры менен 436 упай топтой алды. Экинчи орунду Израилдин өкүлү Ювал Рафаэль (357 упай) ээледи. Үчүнчү орунду эстониялык рэпер Томми Кэш (356 упай) багындырды.
Айта кетсек, сынактын финалы ишемби күнү Швейцариянын Базель шаарында өттү.