КТМУда "Бейпилдик алып келген Энелер күнү" аттуу иш-чара өттү 

Кыргыз-Түрк "Манас" университети Энелер күнүнө карата "Бейпилдик алып келген Энелер күнү" аттуу иш-чарасын өткөрдү.

Окуу жайдын социалдык курулуштар имаратында өткөн бул иш-чарага Бишкек шаарындагы "Үмүт" карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелеген жарандарга арналган муниципалдык социалдык стационардык мекемеде жашаган улуу муун өкүлдөрү чакырылып, эстен кеткис кечеге күбө болушту.

Муундар аралык карым-катнашты бекемдөө жана улуу муун өкүлдөрүнүн коомдук жашоого активдүү катышуусун колдоо максатын көздөгөн иш-чарага КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, "Үмүт" карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга арналган муниципалдык социалдык стационардык мекемесинен психолог Канымбү Исмаилова, коммуникация факультетинин деканы, доцент Угур Унал, көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Күршад Гүлбейаз, окутуучулар жана коноктор катышты.

Иш-чаранын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө ректор, профессор Алпаслан Жейлан "Манас" университети бир гана билим берүү мекемеси эмес, үй-бүлө да экенин айтып, буларга токтолду: "Бул үй-бүлөнүн мүчөлөрү бар; окутуучулары, кызматкерлери, студенттери. Албетте, биздин сүйүктүү студенттерге тарбия берип, үлгү болгондор булар – сиздер", - деп, окуу жайдын "Университеттен да артык..." урааны менен иш алып барарын, улуу муунга урмат-сый көрсөтөрүн билдирди.

Исламда, түрк маданиятынын өзөгүндө эне – баш таажы экенин айткан ректор Жейлан конокторго кайрылып, мындай деди: "Бүгүн окуу жайыбызга келгениңиздерге кубанычтабыз. КТМУнун эшиги сиздер үчүн ар дайым ачык. Студенттер сиздерди көрүп, үлгү алышсын. Ата-эненин, улуу муундун аларга болгон сүйүүсүн, мээрими кандай экенин сезишсин. Сиздердин тажрыйбаңыздар биздин жолубузду жарык кылат. Биздин маданиятта улуулардын колун өөп, көңүлү алынат. Бүгүн сиздер менен бирге болуу биз үчүн сыймык. Сиздердин жылмайганыңыздар – биздин эң чоң байлыгыбыз", - деген ректор бул маанилүү иш-чараны уюштурган коммуникация факультетине ыраазычылык билдирди.

Биринчи проректор Алмаз Ибраев ааламда энеден артык эч бир нерсе жок экенин айтып, алардын ыраазычылыгын алуу керектигин белгилеп, "Эне бир колугу менен бешикти терметсе, экинчи колу менен ааламды терметет. Кайсы гана тармак, кандай гана жетишкендик болбосун, алардын баарында энелердин ролу чоң", - деп, бул күндү белгилөөнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

"Улууларга болгон сый-урмат жана сүйүү – биздин маданий пайдубалыбыздын өзөгү. Бул баалуулуктарды сактап, кийинки муундарга өткөрүү – окуу жайыбыздын негизги максаттарынын бири", - деген биринчи проректор "Манас" университети жаштарга бир гана билим бербестен, тарбия берүүгө да көңүл бурарын баса белгиледи.

Коммуникация факультетинин деканы, доцент Угур Унал куттуктоо сөзүндө улуу муундун өкүлдөрү менен болгон жолугушууга кубанычта экенин билдирип, "Ар бир адам, ар бир коом өз баалуулуктарын коргой билиши керек. Жашообузга маани берип, бизге сүйүүнү, сабырдуулукту жана мээримди үйрөткөн улуу муун өкүлдөрүбүздүн, энелерибиздин баркы чоң", - деди.

Психолог Канымбү Исмаилова чакыруу үчүн абдан кубанычта экенин айтып, кадырлуу коноктордун атынан ыраазычылык билдирип, "Бүгүнкү иш-чаранын өзү эле Кыргыз-Түрк "Манас" университети жаштарга, апаларга, аталарга, коомчулукка кылган мыкты мамилесинен кабар берет", - деп, окуу жайдын жалпы жамаатына ийгилик каалады.

Кечки концерттик бөлүктө "Түрк дүйнөсү" оркестри атайын даярдалган репертуары менен сахнага чыгып, обондуу ырлар аркылуу конокторду өткөн күндөргө саякатка жетеледи. Айрым карылар көз жаштарын кармай албай, аткаруучулар менен чогуу ырдап, жүрөк толкуткан ирмемдерди сезишти. Бул иш-чара КТМУнун коомдук жоопкерчиликке маани бергенин дагы бир жолу далилдеди. Университет өзүнүн академиялык ийгиликтери менен эле эмес, коомдук турмушка болгон сезимтал мамилеси менен да айырмаланып турат. КТМУнун жетекчилиги "Бейпилдик менен келген Энелер күнү" аттуу иш-чараны кийинки жылдары дагы кеңири масштабда уюштуруу планы бар экенин маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан