Мексиканын деңиз флотунун кемеси Нью-Йорктогу Бруклин көпүрөсүн сүзүп, кырсыктан эки киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Окуя бүгүн, 18-майга карган түнү кеме АКШнын мегаполисине жасаган майрамдык сапары учурунда болгон. Кырсыктын кесепетинен 19 адам жаракат алган. Жабырлануучулардын төртөө оор абалда. Издөө-куткаруу иштери түнү бою жүргүзүлгөн.
Нью-Йорктун мэри Эрик Адамстын айтымында, кемеде 277 адам болгон, алардын көбү мексикалык деңиз флотунун курсанттары. Кырсыктын алдын ала себеби техникалык мүчүлүштүктөр деп айтылууда.