Айрым жергиликтүү басылмалар өздүк булактарына таянып, Жогорку Сот Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго чыгарылган өкүмдү жокко чыгарганын жазышты.
Жогорку Соттун басма сөз кызматы бул боюнча кийинчерээк маалымат берилерин билдирген.
Мурдагы өкмөт башчы 2020-жылдын октябрында болгон саясий окуялар учурунда камактан бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен. Анын азыр кайда экени белгисиз. Исаков 15 жылга эркинен ажыратылган болчу.