Кыргызстан курама командасы Кувейттеги машыгуу сборунун алкагындагы жолдоштук беттеште 2:2 эсебинде тең ойноду

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Кувейттеги машыгуу сборунун алкагындагы жолдоштук беттеште 2:2 эсебинде тең ойноду. Бул тууралуу кечээ, 12-январда КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курама команда Кувейттин “Аль Сулайбихат” клубу менен беттешип, 2:2 эсебинде тең чыкты. Кыргызстан курама командасынын тең ойноосуна шарт түзгөн 2 гол Азиз Сыдыков менен команданын капитаны Азамат Байматов тарабынан киргизилди.

Эске салсак, Кувейттеги машыгуу сбору Кыргызстандын 2014-жылкы АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычына даярдыгынын алкагында жүрүп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан