Кытайдагы Пекин спорт университети эл аралык студенттердин документтерин кабыл ала баштады. Мындай маалымат Билим берүү министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.
Аталган окуу жай Пекин шаарында жайгашкан. Ал спорттук билим берүү тармагындагы алдыңкы билим берүү уюму болуп саналат жана эл аралык студенттерге төмөнкү программаларды сунуш кылат:
- даража ыйгаруу менен билим берүү программалары (бакалавриат, магистратура, докторантура);
- даража ыйгаруусуз кыска мөөнөттүү билим берүү программалары (кытай тили жана салттуу согуш өнөрлөрү боюнча курстар).
Суроолор боюнча төмөнкү электрондук дарекке кайрылса болот: admission@bsu.edu.cn.
Мындан тышкары, Пекин спорт университети, билим берүү программалары, окутуу талаптары жана арыз формалары жөнүндө толук маалыматтар англис тилиндеги тиркемеде камтылган.