"Алтын топтун" беш жолку ээси Криштиану Роналдунун уулу Криштиану душ Сантуш Португалиянын 15 жашка чейинки курама командасы үчүн алгачкы голдорун киргизди.
Ал Хорватия курамасына каршы беттештин 13-мүнөтүндө гол киргизип, эсепти ачкан. Сантуш сол буту менен киргизген голун атасынын стилинде (секирүүдөн кийин колдорун эки тарапка жайып) белгилеген. 7 номур саны менен ойногон 14 жаштагы футболчу экинчи голун 43-мүнөттө киргизген.
Белгилей кетсек, 18-майда Хорватияда өткөн турнирде португалиялыктар үй ээлерин 3:2 эсебинде жеңип алышты.