Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Жанар Акаев армиядагы үстөмдүк маселесин көтөрдү.
Жыйында Руслан Мукамбетовду коргоо министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралып жаткан. Анда эл өкүлү Мукамбетовду армиядагы үстөмдүктү жоюу боюнча тиешелүү иштерди алып барууга чакырды.
"Ата-эне баласын "мекениңди корго, элиңе кызмат кыл" деп жиберип жатат. Анан эле баласынын сөөгү келип жатса же катуу сабалып майып болуп жатса, ата-эне үчүн мындан өткөн суук кабар барбы? Муну көргөн коомчулук баласын армияга жөнөтөбү? Албетте, балдарды бекем кылып тарбиялоо иштери болушу керек. Бирок ал үчүн атайын устав, өзүнүн жобосу бар да", - деди ал.