Кыргызгидромет кызматы кабарлагандай, 21-майда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан-чачын күтүлөт. Республиканын башка аймактарында күн ачык болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10.. +15, күндүз +28 ... +33;
Талас жергесинде түнкүсүн +8... +13, күндүз +27... +32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13... +18, күндүз +30... +35;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +5... +10, күндүз +19 ... +24;
Нарында түнкүсүн +4 ... +9; күндүз +23... +25;
Бишкекте түнкүсүн +13... +15, күндүз +31... +33 градус ысыйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.