Казакстанда Алматы-Екатеринбург унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 6 чет өлкөлүк жаран каза болду. Бул тууралуу Костанай облустук ички иштер башкармалыгына шилтеме берип, Казак басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 20-майда Казакстан менен Орусиянын өткөрмө бекетинен эки чакырым алыстыкта орун алган. Анда жүргүнчү ташыган автобус менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп кеткен. Автобустун ичинде 10 чет өлкөлүк жаран болгон.
Адам өлүмүнө алып келген транспорт каражаттарын башкаруу эрежелерин бузуу беренеси боюнча кылмыш ишин козголуп, окуя болгон жерде тергөө иштери жүрүп жатат.
Учурда каза болгон чет өлкөлүк жарандардын өздүгү такталууда.