Кыргыздар тезирээк 10 миллион болушубуз керек. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы Эне жана баланы коргоо борборунун ачылышында билдирген.
"Биз тезирээк 10 миллион болушубуз керек. Ушуну кыз-келиндерибизге көп айтып келем. Үйдөгү келиндериме да "төрөгүлө, азыр төрөбөсөңөр кемпир болгондо төрөйсүнөрбү?" деп айтам.
Бул өмүргө келгенден кийин, аял киши болуп жаралгандан кийин, өз милдетин аткарып, көп балалуу болуп, элибиздин санын көбөйтүш керек", - деген УКМК башчысы.
Ошондой эле ал апасы 11 баланы тарбиялаганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 13-майда Сузак районунун Чокмор айылында аймактык оорукананын төрөт бөлүмү жана балдар ооруканасы колдонууга берилген. Мекеменин ачылыш аземине катышкан президент Садыр Жапаров оорукананы Ташиевдердин үй-бүлөсү 570 миллион сомго куруп, мамлекетке өткөрүп берип жатканын билдирген эле.
Видео: Айжигит Матраимов