Жеке ишкер, альпинист айым Рысгүл Акимжанова Эверестти багындыруу аракетинде. Ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео бөлүшүп, жолдо ар кандай кыйынчылыктар жаралганын билдирди.
Тасмада ишкер айым муз каптаган аска-зоолордогу жолдорду, жанында бара жаткан шериктерин жана Эверест чокусуна чыгууга аракет кылган альпинисттердин каза болуп жатканын айтат.
"Баары бир тең, психологиялык сыноо бир тең болду. "Өлүм аймагы" деген жерде уулуган бороондо эч нерсеси жок, же ары кете албай же түшө албай калып кеткенден көрө, чокуга чыгып кыймылдап кете берген жеңил.
Чокуга чыгып бара жатканда жолдо баштык жаткандай болгон, көрсө альпинист отурган жеринде каза болуп, катып калыптыр. Аттап өтүп кеттик. Шамал болуп мен жарым жолдон артка кайттым. Эртеси өлгөн альпинистти жипке илип жолдун чекесине чыгарып койгонун көрдүк.
3-база менен 4-базанын ортосу аябай узак жана өтө катаал, жол жок, көк муз, тик таштар, аркан менен көтөрүлүп, түшөсүң. Ошол жерде кечинде таштан чыга албай калып кетип, тоңуп өлгөн альпинистти көрдүк. Жолдун ортосунда, таштын түбүндө, тепселеп өтүп кеткендер деле болуптур. Эптеп түшүп карасак, кечээ эле базаларда жүргөн шайыр индиялык жигит экен....
"Жолдон чыгарып коелу" десем шеригим болбоду, ырымы бар окшойт. Жалгыз өзүм индиялык өлгөн альпинстти өзүнүн коопсуздук куруна байлап, жипке асып жолдон алып койдум. Бир күндө эки өлүм, экинчиси болгондо да мен көрүп жүргөн жигит. Ушунун барына таңгалып, айтор 4-базадан негизги базага чейин токтобой, ортоңку базаларда эс албай, суу да ичпей, 16 саатта түштүм. Мындан башка да өмүр үчүн күрөшкөндөрдү, жаны бар бирок адам болбой калгандарды көрдүм", - деген Акимжанова.