
Кыргызстанда майыптуулугу бар жарандардын жеке ассистенттерине 527 миллион 246 миң 336 сом төлөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бүгүн, 20-майда кабарлады.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-майына карата өлкөдө 14 миң 805 жаран жеке ассистенттин кызматын көрсөтүп келет.
Жалпысынан өлкөдө туруктуу жардамга муктаж 15 миң 125 майыптуулугу бар адам катталган. Алардын 9 546сы 18 жашка чейинки балдар жана 5 579у биринчи топтогу майыптыгы бар чоңдор.