Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.
Документ коомдун моралдык жана этикалык баалуулуктарын коргоо үчүн мындай мүнөздөгү контентти интернет мейкиндигине таратууга тыюу салууну жана аны интернет аркылуу тараткандарды жоопкерчиликке тартууну сунуштайт.