Эверестке бара жаткан Рысгүл Акимжанова 8400 метрден артка кайтты (видео)

Жеке ишкер, альпинист айым Рысгүл Акимжанова Эверест чокусуна бара жатып, 8400 метрден артка кайтты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.
Анын айтымына караганда, чокуга бара жатканда ар бир кишиге 6 кычкылтек баллону берилген. Бирок ага берилген кычкылтек жетпей калып, артка кайтууга аргасыз болгон.
"Базада тургандар аба ырайын, ар бир альпинисттин кыймыл-аракетин, ал-акыбалын көзөмөлдөп турушат. Жарым жолдон мени кайра кайтарышты, анткени ашыкча кычкылтек албагандыктан, меники менен чокуга жетип, бирок түшө албай калмакмын.
Ага чейин 3 күн бою ашказаным тамак кабыл албай туруп алды. Андан кийин 4-базада ашказан бош болсо деле кусуп жаттым. Белгилүү альпинист Владимир Котляр "ашыкча кычкылтек алып ал" деп кеңеш берген, бирок мен өзүмө ишенип, 6 баллон алганыма абдан өкүндүм. Анын үстүнө менин буюмдарым шамалга жарым саат калганда гана барып, шашып даярдангыча да демигип, ашыкча дем алып калдым. Ошентип ашказандын айынан бир кычкылтек баллону пландан тышкары ашыкча колдонулуп, аным жалпы жыйынтыкка таасирин берди.
Ошентип жашоомдогу бир айлык кызыктуу окуя бүттү", - деп жазган Акимжанова.
Рысгүл Акимжанова
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан