ЭЛДИК КАБАР: Бишкектин Жал районундагы №22 үйдүн дубалдары урап, жашоочуларга кооптуулук жаралууда (видео)

Бишкектеги Жал кичи районундагы №22 көп кабаттуу үйдүн дубалдары урап түшүп, жашоочуларга кооптуулук жаралууда. Бул туурасында бүгүн, 20-майда жергиликтүү тургундар SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына видео менен бөлүшүп, маалымат берди.

Алардын айтымында, катуу шамал болгон сайын урап жаткан цементтин кесиндилери көп түшө баштайт. Үйдүн жанында мектеп болгондуктан тратуардан өткөн окуучулар үчүн да кооптуулук жогору.

"Айрыкча кооптондурган нерсе – катуу шамал учурунда мектептин спорт аянтчасына кесиндилер учуп барып, түшүп жатат. А балким, дене тарбия сабагы болуп калсачы. Балдар үчүн күтүүсүз нерсе жаралышы мүмкүн.

Жакында эле курч сыныктардын бири өтүп бара жаткан мышыктын үстүнө түшкөн. Жаныбар жеринде жан берди. Эгерде адам болуп калсачы. Сөссүз өлүмгө чейин жетиш керекпи?

Шаардагы жооптуу кызматтарга кайрылабыз. Бул өлүмгө алып келчү кооптуу жагдайды жоюу үчүн тез арада чараларды көрүүнү суранабыз. Трагедияны күтпөй, азыр аракет кылалы. Биз сиздерден жардам сурайбыз", - деп белгиленген жарандардын кайрылуусунда.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

№22 көп кабаттуу үйдөгү абал
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан