Акталган 7 журналист: Чет жакка чыгуу боюнча аларга карата коюлган чектөө алынбай жаткандыгы айтылды

"Темиров Live" медиасынын акталган жети журналистине чет жакка чыгуу боюнча тыюунун мөөнөтү аяктаса да алынбай жатат. Бул туурасында бүгүн, 20-майда алар SUPER.KG порталына билдиришти.

Алардын айтымында, соттун чечими менен 2024-жылдын 10-октябрында чектөө алынышы керек болчу, бирок ИИМдин тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Кубан Байышов өз милдетин аткарбай жатат.

"Мыйзам боюнча акталган ар бир жарандан бардык чектөөлөр тергөөчү тарабынан алынышы керек. Журналисттер тергөөчү Байышовго бир нече ирет кайрылган, бирок ал чектөөнү бүгүнкү күнгө чейин албай келет.

Бул иш боюнча прокуратурага да кайрылганда, алар тарабынан да майнап чыккан эмес. Журналисттердин ишин президент Садыр Жапаров өзү көзөмөлгө албаса, башка кызматкерлер милдетин аткарбай келүүдө", - деп билдирди журналисттер.

Айта кетсек, жалпы 11 журналист Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси (Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү) жана 278-беренеси (Массалык башаламандыктар) менен айып тагылып, кармалган. Өткөн жылдын октябрь айында алардын экөө абакта калтырылып, экөө пробация менен эркиндикке чыккан. Ал эми Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапар Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Тыныстан Асыпбековдун аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан