
Талас шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча кайтарылды. Бул туурасында бүгүн, 20-майда Башкы прокуратурадан билдирди.
Маалым болгондой, Бердике Баатыр көчөсүндө жайгашкан №11 “Бакыт” бала бакчасы 0,53 гектар жер тилкеси менен 1993-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган.
Тиешелүү чаралар көрүлүп, натыйжада баасы 71,6 миллион сомду түзгөн бала бакча мүлктөрү менен бирге Талас шаардык мэриясынын балансына кайтарылды.