Бүгүн, 20-майда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Будёнов айылында сарайдан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, тилсиз жоонун кесепетинен 3 жаштагы Б.Р. аттуу жаш бала жабыркаган, учурда анын абалы туруктуу. Ошондой эле 1000 түп чөп, 1 жылкы, бир нече бука тирүүлөй күйүп кетти.
Кошумчалангандай, өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түзгөн, учурда материалдык чыгымдар жана өрттүн себептери такталууда.