Ош шаарында көчөт отургузуу, жол боюн иретке келтирүү иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда мэриядан билдирди.
Маалымдалгандай, Осмонов көчөсүнүн бир тарабына жалпы 200 даана ак кайың дарагынын көчөттөрү олтургузулду. Учурда жумуш түнкү нөөмөттө уланууда.