Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү бүгүн, 21-майга карата 9 миллиард 566 миллион метр кубду түздү. Мындай көрсөткүч "Электр станциялары" ишканасынын маалыматында көрсөтүлөт.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундуна 839 метр кубду түзсө, суунун агып чыгышы 410 метр кубду түзүүдө.
Эске салсак, бир жыл мурун, 21-майда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 894 миллион метр кубду түзгөн.