Бишкекте милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылды деген шек менен 40 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, тергөөдө шектүү күйүүчү майды мыйзамсыз, аткезчилик жол менен ташып жүргөндүгү аныкталган. Ал кылмыш жоопкерчилигинен кутулууга аракет кылып, кылмыш ишинин оң чечилишине ортомчу болуп берүү үчүн милиция кызматкерине пара сунуштаган. Укук коргоо кызматкери бул боюнча жетекчилигине кабарлаган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү милиция кызматкеринин кызматтык кабинетинде ага 20 миң сом берип жаткан жеринен кармалып, камакка алынды. Учурда анын үстүнөн кызмат адамына пара бергендиги үчүн тергөө иштери жүрүүдө.
Шаардык милиция ошондой эле күйүүчү майды аткезчилик жолу менен мыйзамсыз жеткирүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери да жүрүп жатканын кошумчалады.