Финляндиядагы мектептердин биринде 15 жаштагы үч кыз бычакталып жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Окуя кечээ, 20-майда болгон. Шектүү өзүнүн жасаган кылмышын видеого тартып алган. Ал мектепке жакын жердеги базардан кармалган. Өспүрүм ошол мектептин окуучусу болгон.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.