Депутат Сыдыков эне тил боюнча: "Куру патриот боло бербегиле" (видео)

Бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков мамлекеттик тилге болгон саясат системдүү жүргүзүлүшү керек деген пикирин айтты.

Жыйында мамлекеттик тил тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан. Анда эл өкүлү мамлекеттик тилди талап кылуудан мурун кыргыз тилин окуу жайларда жеткиликтүү окутуу керектигин белгиледи.

"Оюбузга келгенди эле мыйзам кылып киргизип, кабыл ала бербейли. Азыркы жаштар Америкада, Европада окуп жатышат. Аларда эмне күнөө? Келгиле, системдүү түрдө киришип, адегенде мектептерде окуталы. Анан бүгүн эле мектепте класстан класска өткөрбөйбүз деген эмнеси? Тим эле патирот болуп, оюңарга келгенди кыла бересиңерби? Патриотизм деген башка нерседе. Эл, жер, мамлекет үчүн иштегенде. Анан сүйлөп койсо эле патриот боло бербейт. Куру патриот боло бербегиле.

Асыла элек 90 депутат калдыбы? "Ушуларды кыргыз тил менен өткөрбөй коёлу" деп жатасыңар да. "Дагы бир чектөө коёлу" деп. Токтоткула мындайыңарды. Өлкөдө башка дагы улуттар жашашат. Институттарда 80 пайыз орус тилинде окутуу жүрүп жатат. Эмнеге ошол жерден баштабайсыңар? Биринчи кыргыз тилин окутуп, анан тилди талап кылалы. Бишкекте өзүңөрдүн балдарыңар орусча сүйлөйт", - деди Сыдыков.

Жогорку Кеңеш 21.05.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан