"Көтөрүлүш болот". Балбак Түлөбаев мамлекеттик тил тууралуу мыйзамды сынга алды (видео)

Бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев мамлекеттик тил тууралуу мыйзам долбоорун сынга алып, документти артка кайтарууга чакырды.

Жыйында аталган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан.

"Бул мыйзам кыргыз элине жасалган кыянаттык. Президентке кылынган саботаж. Өкмөт ушул мыйзамды кантип алып келдиңер? Коомдо ынтымак болуп, бийликке болгон ишеним оңдолуп келе жатканда саботаж мыйзамды эмнеге алып келесиңер? "Кыргыз тилин билбеген класстан класска көчпөйт" дегени кандай? Эртең элде көтөрүлүш чыгат.

Сонун мыйзамды саясатташтырып өлтүрдүңөр да. Өзбек, казагы мейли, анткени түрк тилдүү элбиз. А орус, немис улутундагылар кантип депутат болушат? Алар эл эмеспи? Бул мыйзам Башмыйзамга каршы", - деди Түлөбаев.

Жогорку Кеңеш 21.05.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан