Бишкек мэриясы: Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти жоюлду

Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти жоюлду. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда калаа бийлиги билдирди.
Мэрия кабарлагандай, муниципалдык башкаруу системин реформалоо иштери башталды. Бул коррупциялык схемаларды толугу менен жоюуга жана шаардык активдер менен иштөөнүн жаңы системин түзүүгө багытталган.
"Өзгөртүүлөрдүн алкагында кадр саясатын толук кайра карап чыгуу жүргүзүлөт. Мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү бардык негизги кызмат орундары жаңы адистер менен алмаштырылат. Башкаруучулардын командасы түзүлөт. Өз кезегинде муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменттин учурдагы бардык кызматкерлери мэриянын башка кызматтарында ишке орноштурулат", - деп жазылат маалыматта.
Мэрдин буйругу менен аталган департаментте текшерүү жүргүзүлүп, анда:
  • муниципалдык мүлктү натыйжасыз пайдалануу;
  • ижара мамилелерин түзүүдөгү көптөгөн мыйзам бузуулар;
  • чечим кабыл алууда ачык-айкындуулуктун жоктугу;
  • ишкерлерден жана шаар тургундарынан түшкөн даттануулар аныкталган.
Аталган департаменттин функциялары Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына өткөрүлүп берилди.
"Биз жөн гана аталыштарды өзгөртпөйбүз - принципиалдуу жаңы системди түзүп жатабыз. Эски схемалар менен иштөөгө көнүп калгандар, анда орун таба алышпайт.
Биздин максат - абсолюттук ачык-айкындуулук жана кыянатчылыкка жол бербөө", - дейт мэр Айбек Жунушалиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан