Орусиянын Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайын бүтүргөн жаш актёрлорго Ош шаарында курулуп жаткан муниципалдык ипотекалык үйлөрдөн 22 батир бөлүнүп берилет. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда мэриядан билдирди.
Шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев аларга батирлерди көрсөтүп чыкты. Краснофлотская көчөсүндө курулуп жаткан турак жай объектисинен аларга 1 бөлмөлүү батирлер бөлүнүп берилет. 22 батир чүчү кулактын негизинде бөлүштүрүлөт.
Токторбаев тиешелүү кызматтарга жаш маданият өкүлдөрүнө бул батирлерди 1-июлга чейин толук ремонту менен бүткөрүп берүүнү тапшырды. Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген 22 жаш маданият өкүлү эми Ош шаарында жашап, өз ишмердүүлүгүн улантыша тургандыгы маалыматта кошумчаланган.
Айта кетсек, кечээ, 20-майда Москвадан жогоруда аталган окуу жайды бүткөндөр Ошто спектакль-концерт коюп, анын алкагында мэр 230 миң сомдук сертификат тапшырып, ар бирине 1 бөлмөлүү батир убадалады.