Ички иштер министрлиги Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте баңгизатын ташыган трансулуттук топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул туурасында бүгүн, 21-майда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, буга чейин өлкөнүн түштүгүндө баңгизатын чет өлкөдөн ташып жаткан топ тууралуу маалымат түшкөн. Анын алкагында “Манас” бажы постунун кызматкерлери АКШнын Лос-Анжелес шаарынан келген жүктөн ашкана идиштерине жашырылган баңгизатын табышкан. Ичинен 2 килограммдан ашкан өсүмдүк тектүү зат табылган.
Ош шаарында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө З.А. аттуу кыргыз жараны, А.М. аттуу орусиялык жаран жана өзбекстандык Т.К. кармалды.
Учурда тергөө амалдары уланууда.