Таласта үч өнөр жай ишканасынын курулушу башталды

Бүгүн, 21-майда Талас облусунда асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводдордун курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул туурасында президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, заводдор аймактын курулуш тармагына маанилүү жардам болорун кошумчалады.

"Жаңы заводдор Беш-Таш айыл аймагынын Кара-Дөбө участкасында курулат. Алардын өндүрүштүк кубаттуулугу саатына 120 тоннага чейин болот. Анда 60 жумуш орунун түзүү каралган. Долбоордун жалпы наркы 84,3 миллион сомду түзүп, каржылоо республикалык бюджеттен жүргүзүлөт. Бардык иштер 2025-жылдын сентябрында аяктайт деп болжолдонууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан