"10 жыл мурун сатып алсак, азыр актамак". Жапаров Венгриядагы элчиликтин жаңы имаратына барды

Бүгүн, 21-майда президент Садыр Жапаров Венгриядагы иш сапарынын алкагында Будапешт шаарындагы Кыргызстандын элчилигинин жаңы имаратында болду. Бул туурасында мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, президенттин тапшырмасына ылайык, 2024-жылдын январь айында дипломатиялык өкүлчүлүк мамлекеттик менчикке сатып алынган жаңы имаратка көчкөн.

Мамлекет башчысы иш бөлмөлөрүн, административдик жайларды көрүп чыгып, дипломатиялык миссиянын кызматкерлеринин иштөө шарттары менен таанышты.

Жапаров мамлекет мындан ары да чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдүн материалдык-техникалык базасын чыңдап, дипломаттарды мамлекеттин балансында туруучу кызматтык батирлер менен камсыз кылуу керектигин кошумчалады.

"Биз дүйнө жүзү боюнча мүлктөрдү сатып алууну улантып жатабыз. Акыркы 30 жылда биз Нью-Йорк, Вашингтон сыяктуу ири шаарларда мүлктөрдү ижарага алганбыз. Эгерде биз имараттарды 10 жыл мурда сатып алсак, бүгүнкү күндө өз баасын актамак. Ошону менен бирге мүлк Кыргызстандын менчигинде түбөлүккө калмак", - деди Жапаров.

Жалпы аянты 480 чарчы метр болгон элчиликтин имараты Будапешттин престиждүү жана көрктүү бөлүгүндө жайгашкандыгы маалыматта айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан