Ысык-Көл облусунда 18-майда болгон шамалдан улам 160 турак үй жабыркаган. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда ӨКМдин маалымат борбору билдирип, Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп жаткандыгын айтты.
Маалым болгондой, шамалдын кесепетинен Ысык-Көл районунда 14 үйдүн, 1 эс алуу жайдын, 2 чарбалык курулуштун чатырын учуруп, 1 электр мамычасы, 1 унаа жабыркап, 9 бак кулаган.
"Жалпысынан көп кабаттуу 5 үй, 160 турак үй, 26 социалдык объект, 173 чарба курулуштары, 5 унаа, 1 трансформатор, 36 электр мамычасы, 370 метр электр чубалгысы жабыркаган жана 190 бак кулаган. Мындан сырткары 7 боз үй, 1 чатыр, 1 кафе, 2 эс алуу жайы, 3 гектар кулпунай айдалган жер, 8000 метр интернет чубалгысы жабыркаган. Кошумча тактоо иштери 22-майда Ак-Суу, Ысык-Көл райондорунда улантылат", - деп айтылат маалыматта.