Вашингтондогу Ак үй алдында деңиз аскерлеринин желегин кармап турган жоокер АКШ президенти Дональд Трамп менен Түштүк Африканын лидери Сирил Рамафостун жолугушуусу алдында эсин жоготту.
Чет элдик басылмалар жазышкандай, аскер адамына дароо алгачкы жардам көрсөтүлүп, аны ал жактан алып кетишкен.
Видеодон анын газонго кулаганын көрүүгө болот.
Айта кетсек, эки өлкө башчыларынын жолугушуусу кечээ, 21-майда болду.