АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияны "G8" эл аралык клубунан чыгаруу катачылык болгон деп эсептейт. Бул тууралуу ал кечээ, 21-майда Ак үйдөгү маалымат жыйынында айтты.
"Сегиз мамлекеттен турган формат жети өлкөнүн форматынан алда канча жакшы болчу. Батыш өлкөлөрү бул форматтан баш тартпашы керек эле", - деди Трамп.
Анын айтымында, Орусия катышкан учурда бул формат дүйнөлүк маселелерди чечүүдө кыйла натыйжалуу болгон.
Муну менен бирге, Дональд Трамп мурдагы президент Жо Байдендин жана анын администрациясынын аракеттерин сындап келет. Анын айтымында, Байдендин тушунда АКШнын Орусия менен болгон диалогу бир нече жылга үзүлүп, Украинага аскердик жардам катары чоң суммадагы каражаттар коротулган.
Маалымат үчүн: "G8" клубу - бул дүйнөнүн эң өнүккөн жана таасирдүү сегиз өлкөсүн бириктирген эл аралык клуб. Бул өлкөлөр дүйнөлүк экономика, коопсуздук, климаттык өзгөрүүлөр жана башка глобалдык маселелер боюнча чечим кабыл алуу процессине чоң таасир тийгизет.
Ал клубка төмөнкү өлкөлөр кирген (Орусия мүчө болгондо):
1. АКШ
2. Улуу Британия
3. Германия
4. Франция
5. Италия
6. Канада
7. Япония
8. Орусия (1998–2014-жылдары чейин)
2014-жылы Крым жарым аралы аннексияланган соң, Батыш өлкөлөрү бул аракетти эл аралык укукту бузуу катары баалап, Орусияны "G8ден" чыгарышкан.