Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында Будапешт шаарындагы өлкөнүн мамлекеттик опера театрына барышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда биринчи айымдын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Анда ТМУ делегация башчылары жана алардын жубайлары үчүн концерттик программа тартууланды.
Венгриянын мамлекеттик операсы — өлкөнүн башкы опера театры, Будапешттин борборунда жайгашкан. 1884-жылы ачылган имарат венгриялык архитектор Миклош Ибл тарабынан долбоорлонгон жана барокко элементтери менен неоренессанс стилинде курулган.
Белгилей кетсек, 21-майда Будапешт шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейформал саммити өттү.