"Киного татыктуу сүйүү баяны". 74 жыл чогуу жашаган жубайлар бир күндө каза болушту

Бразилияда 74 жылдан бери чогуу түтүн булатып келген 92 жаштагы Одилета Панзани де Харо менен 94 жаштагы Паскуаль де Харо бир күндө каза болушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Алар 1951-жылы баш кошуп, алты баланын ата-энеси болушкан. Одилета үй кожойкеси болсо, Паскуал кездемелер дүкөнүндө иштечү. Убакыттын өтүшү менен алар муктаж болгондорго жардам берүү үчүн кайрымдуулук уюмун негиздешкен.

Акыркы жылдары Паскуаль альцгеймер оорусунан жапа чеккен жубайы Одилетага кам көргөн. Ал эми 2023-жылы Паскуалга ичеги рагы диагнозу коюлган.

Туугандарынын айтымында, ал аялы менен бир убакта каза болууну дайыма тилеген. Жакындары бул киного татыктуу сүйүү баяны экенин баса белгилешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан