Моквадагы айрым аэропорттордо каттамдарга чектөө киргизилди

Москва шаарындагы "Домодедово" жана "Жуковский" аэропортторунда каттамдарга кайрадан убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Орусиянын ТАСС басылмасы жазды.
"Москва убактысы менен 04:10дон тарта "Домодедово" жана "Жуковский" аэропортторунда учактарды кабыл алуу жана учурууга убактылуу чектөөлөр киргизилди", – деп айтылат маалыматта.

Учурда мындай чектөөлөр "Внуково" аэропортунда, ошондой эле Владимир, Калуга жана Тамбов шаарларынын аэропортторунда дагы сакталууда.
Орусиялык басылмалар жазгандай, өткөн түнү Москванын аэропортторунда учкучсуз учактардын чабуулдарына байланыштуу аба майдандарында бир нече чектөөлөр киргизилип, кайра алынган. Ал эми Москванын мэри Сергей Собянин борборду көздөй учкан 26 дрон жок кылынганын билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан