"Аль-Наср" клубунун капитаны Криштиану Роналду Сауд Арабия Лигасынын алкагында "Аль-Халиж" клубуна каршы өткөргөн оюнунан кийин билдирүү жасады.
"Топ жөн гана киргиси келген эмес... Бирок акыры кирди", - деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасына.
Белгилей кетсек, кечээ, 21-майда өткөн беттештин 65-мүнөтүндө Роналду пенальтиден гол киргизе албай калган. Ал тепкен топ атаандаш команданын дарбазасына тийип, андан соң футбол аянтынан чыгып кеткен. Алгачкы эсепти анын командалашы Жон Дуран 75-мүнөттө ачкан. Бирок Роналду кошумча убакытта 11 метрлик айып соккуну таамай тээп, командасына дагы бир упай алып келе алды.
Жыйынтыгында 2:0 эсебинде "Аль-Наср" жеңишке жетти.