Бишкектин гастрономиялык картасы дагы да толукталды. Иса Ахунбаев көчөсү 133 дарегинде жайгашкан сегизинчи SPAR супермаркети кардарлар үчүн эшигин ачты. Бул жерге ар бир баш багуу - майрамдагыдай атмосфера жана ырахат тартуулайт.
Жаңы супермаркетте интерьер кылдат ойлонулган жана абдан ыңгайлуу жайгашкан. Заманбап кассалар, ыңгайлуу тамактануучу зоналар жана интуитивдүү навигация – бул жерде бардыгы кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн түзүлгөн.
Жаңы SPAR’дагы эң башкы нерсе – белгилүү Ашкана. Бул – тамак сүйүүчүлөр (гурмандар) үчүн бейиш десе болот. Ширелүү тоок этинен жаалган люля-кебаб, мангалда бышырылган форель, тоок гриль жана уй этинен жасалган бифштекс дароо эле табитиңди ачат. Ал эми пиццалар – кытырак камыры жана чоюлган сыры менен, дамдуу «Кебабдан» же «Капричозага» чейин – ар бир даам татып көрүүгө арзыйт.
Дүкөндө фирмалык токочтор өзгөчө көңүлдү бурат: эт кошулган каттама самсалар, картошка же капуста салынган пирожкилер, сендвичтер. Анан албетте, SPAR круассандары – абдан жеңил, крем, шоколад, карамель же малина кошулмасы менен.
SPAR’дагы наабайкана өзгөчө нан азыктарын сунуштайт: каймактуу ачыткы менен бышкан батон, ашкабак уругу кошулган нандар жана «Париж жыты» багети. Таттуулардын текчесинде мол тандоолор бар – «Малиналуу булут» десерти, кулпунай жана карамель кошулган профитролдор, фундук-шоколад тарталеткалары.
SPAR супермаркеттер тармагы өзүнүн жеке бренди менен чыгаруучу Европа жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн өзгөчө товарларын сунуштайт. Бул кыргызстандык ишкерлер үчүн эл аралык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет. Эгерде ийгиликтүү кызматташтык болсо, алардын продукциясы дүйнө жүзүндөгү 14 миңге жакын SPAR дүкөнүнө жайгашуу мүмкүнчүлүгү бар.
Эске сала кетели, даамдуу тамактар жалгыз борбордо гана эмес, башка шаарларда да бар. Эгерде сиз Иссык-Көл тарапка жол тартсаңыз, анда Балыкчы шаарындагы SPAR дүкөнүнө сөзсүз кириңиз! Шаардын кире беришинде ыңгайлуу жайгашкан бул супермаркет жолдо токтоп эс алуу жана тамактануу үчүн эң сонун жай. Бул жерде сиз даяр тамактардан татып көрө аласыз. Анын баары кардарлардын көзүнчө даярдалат. Балыкчыдагы SPAR – жолдо токтоп тамактанууга эң ылайыктуу жер!
Ал эми соода кылуу жагымдуу жана пайдалуу болушу үчүн, “SPAR Клубуна” кошулуңуз. Бул үчүн жөн гана мобилдик тиркемени жүктөп алуу жетиштүү. Клуб мүчөлөрү бонустарды (1 бонус = 1 сом) топтой алышат жана алар менен төлөм жүргүзүүгө болот. Ошондой эле белектердин ойнотууларына катышып, сүйүктүү товарларга купондорду алышат.