Казакстандын Караганда шаарында эки жаштагы наристе жети кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түшүп, каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя 21-май күнү Куруучулар (Строители) көчөсүндөгү тогуз кабаттуу үйдө болгон.
Караганда облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаменти билдиргендей, бала чоңдордун көзөмөлүсүз калган. Ал терезенин текчесине чыгып, кулап түшүп, окуя болгон жерде жан берген.