Казакстандын Шымкент облусунда 8 жаштагы кызга карата жосунсуз жоруктарды жасаганы үчүн мурда соттолгон жаран камакка алынды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Андагы маалыматка караганда, окуя аталган аймакта жайгашкан турак үйлөрдүн биринин алдында болгон. Анда мурда уурулук кылганы үчүн жазасын өтөп чыккан адам мектептен кайтып келе жаткан кызды көрүп калып, анын артынан ээрчип барган. Андан соң турак үйдүн ичине киргенде кызга жадам берем деген шылтоо менен уятсыз иштерди жасаган.
Аталган окуя боюнча шектүү камакка алынган. Бирок ал кызга жөн гана жардам бергиси келгенин айтып, жасаган ишин моюнуна алган эмес.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, шектүүнүн күнөөсү аныкталса ал 7 жылдан 12 жылга чейин камакка алына турганы маалым болду.