Украиналык саясатчы Испанияда атып өлтүрүлдү

Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин администрация башчысынын экс-орун басары Андрей Портнов Испаниянын борбору Мадридде атып өлтүрүлдү.

Sky News кабарлагандай, кечээ, 21-майда Портнов шаар четиндеги элиталык Америка мектебинин жанынан атылган. Ал балдарын мектепке алып бара жаткан. El Pais басылмасы ага кол салгандар эки же үч адам болгон деген божомолун жазды. Алар беш ок чыгарган, алардын кеминде үчөө Портновдун башына тийген. Азырынча кол салууга байланыштуу эч ким кармала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан