Грузияда активисттер социалдык тармактарда видеосу тараган чочкону ээсинен сатып алып, куткарып калышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Апрель айынын ортосунда активисттердин бири Бакуриани кыштагындагы жарым-жартылай урап түшкөн имаратта кармалып турган Грути аттуу чочконун видеосун бөлүшкөн. Анда анын кар жаап жатканына көз салып турган учуру кадрга түшүп калган. Бул видео интернетте кеңири тарап, Груту социалдык тармактардын жылдызына айланган.
Активисттер ага кайдыгер карабай, чочконун өмүрүн сактап калууну максат кылышкан. Алар 1626 лари топтоп, Грутини ээсинен сатып алышып, Тбилисиге алып келишкен.
Азыр ал активист берген чоң короосу бар үйдө жашап, коопсуз шартта жашоосун улантып жатканын белгиленген.