Кыргызстандык бир тууган сноубордингчилер Алексей жана Павел Вакуриндер 10-12-январь аралыгында Андоррада өткөн Дүйнө кубогуна катышышты. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча Эл аралык федерациянын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, алар сноуборд-кросс категориясы боюнча жарышып, Алексей 70-орунду, Павел 71-орунду ээледи. Жарышка жалпысынан 22 өлкөдөн 73 спортчу катышкан.