Бишкекте коомдук жайда заара ушаткан жаран аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Биринчи май РИИБ билдирди.
Райондук милиция 19-майда социалдык тармактарда белгисиз жарандын заара кылган видеосу тарары менен факт каттоого алынып, анын өздүгүн аныктоо иштери жүргөнүн белгиледи.
Натыйжада 33 жаштагы жаран кармалып, ага карата Укук бузуулар кодексинин 126- беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлгөн. Ал райондук сотко жеткирилди.