Социалдык тармакта "Баткендин Тамаша айылындагы талааларды чегиртке каптап жатат" деген аталыштагы видео тарады.
Автор анда чегирткелер бир аптада көбөйүп кеткенин, алар айылды көздөй жыла баштаганын айткан. Ошондой эле ал жерлерге 3 күндөн бери дары чачылып жатканын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, буга чейин Чүй өрөөнүнүн талааларын чегирткелер каптап, Айыл чарба министрлиги тарабынан дарылоо иштери жүргүзүлгөн.