Руслан Мукамбетов коргоо министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрация билдирди.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш кечээ, 21-майдагы жыйынында анын аталган министрлик кызматка талапкерлигин жактырган.
Мукамбетов буга чейин коргоо министринин биринчи орун басарлыгын аркалап келген. Мурдагы министр Бактыбек Бекболотов коопсуздук кеңешинин катчылыгына кеткен соң, анын ордуна келди.