Кыргызстанда 23-27-май күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Кыргызгидромет кызматы билдирүү таратты.
Маалыматка караганда, бул күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.