Казакстанда махрга миң грамм алтын сураган кыздын видеосу кызуу талкууга түштү

Социалдык желелерге жолдошунан нике кыйып жаткан учурда махрга 1000 грамм алтын сураган кыздын видеосу тарады.

Окуя Казакстанда орун алды. Жубайлардын бул кылыгына коомчулук ар кандай пикир жазышып, кызуу талкууга алды. Көпчүлүк кыздын сураганын аша чапкандык деп баалоодо.

Тасмада кыз жолдошунун 1 килограмм алтын алып беришине ишенимдүү экендигин байкоого болот. Ал эми жанындагылар анын салмагын азайтууга көндүргөнү менен майнап чыккан эмес.

Сиздин оюңуз кандай?

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан